Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Премьер-министр Николай Танаев Орусияга иш сапары менен бармак болду


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев 20-январда үч күндүк иш сапары менен Орусияга барат. Ал Орусиянын премьер-министри Михаил Касьянов, Электр тармактар ишканасынын башчысы Анатолий Чубайс, атом энергетика министри Александр Румьянцев, «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер, Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу жана Москва облусунун губернатору Алексей Громов менен жолугушаары болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн премьер-министрдин маалымат кызматынын башчысы Курманбек Раматов билдирди. Жолугушууларда “Кыргызстан-Орусия» экономикалык форумунда көтөрүлгөн маселелер талкууланат. Октябрда Бишкекте өткөн форумда эки өлкө ортосундагы энергетика, газ, өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтыктын багыттары талкууланган. Курманбек Раматовдун айтымында, мындан тышкары, кыргызстандык эмгек мигранттарына жеңилдиктерди берүү да премьер-министрдин иш сапарынын учурунда талкууланчу негизги маселелердин бири. Сапардын жыйынтыгында экономикалык кызматташтык багытында бир катар макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG