Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

Кытайда САРСтын, Вьетнамда адамдарды жыккан "куш сасык тумоосунун" жайылуу коркунучу пайда болду


Кытайдын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн түштүк тарабында эки кишиден САРС, же өнөгөсүз өпкө дарты табылганын тастыктады. Ага удаа Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Вьетнамда канаттууларга мүнөздүү сасык тумоо вирусу бир нече кишинин өмүрүн алып кеткенин кабарлады. Уюмдун маалыматы боюнча, калкы тоок менен өрдөктүн этин жакшы көргөн Вьетнамда мындай опурталдуу ооруга жалпысынан 18 киши кабылып, алардын 12си өлүмгө учураган. Азыр бул өлкөдө эл аралык адистер иликтөө жүргүзүшүп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG