Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу келерки айда талаш маселелер боюнча сүйлөшүү өткөрүү ниетин ырасташты


Индиянын тышкы саясий мекемесинин өкүлү азырынча ал сүйлөшүүлөргө ким катышаары жана ал кайсы күнү өтөөрү так аныктала электигин кошумчалады. Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаи жана Пакистандын президенти Первез Мушарраф ушул айдын башында Исламабадда өткөн регионалдык саммит маалында эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү макулдашышкан. Эки өлкөнүн ортосундагы алакалар оңоло баштагандан бери Индия менен Пакистандын ортосундагы авто, аба жана темир жол каттамдары калыбына келтирилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG