Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Грузиянын Башкы прокуратурасы өлкөнүн мурдагы энергетика министрине расмий айып такты


Давид Мирцхулавага “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген кине коюлду. Тергөө иштерин жетектеген Паата Жавелидзе журналисттерге “мурдагы энергетика министри иликтөө маалында үч айга чейин абакта кармалышы мүмкүн” деп билдирди. Өткөн айда камакка алынган Мирцхулава жүрөк талмасынан жабыр тартып, Тбилисидеги ооруканага которулган. Анын адвокаты жаңы грузин жетекчилиги Мирцхулавага таккан айып - саясий куугунтуктун кесепети деп эсептейт. Ушул айдын башында Грузиядагы президенттик шайлоодо жеңген Михаил Саакашвили кылмыштуулук менен коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзөөрүн кайталап келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG