Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:17

Иракта жарылган бомбадан АКШнын үч аскери жана эки ирактык набыт болушту


Америкалык командачылык бүгүн жол күзөттө жүргөн АКШлык үч аскер жана эки ирактык бомбага жарылып набыт болушканын билдирди. Окуя Багдаддан 30 чакырым түндүк тараптагы Тажи калаасынын четинде болгон. Вашингтондо Ирактагы америкалык башкаруучу Пол Бремер президент Жорж Буш менен жолугуп, ирактыктарга бийликти өткөрүп берүү маселесин талкуулады. Дүйшөмбүдө Бремер жана Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү Бириккен Улуттар Уюмунда болушат. Пол Бремер анда БУУну Иракка кайтып барууга үндөй турганын билдирди. "Биз дүйшөмбү күнкү жолугушууда АКШнын жетекчилиги жана коалициялык командачылык Бириккен Улуттар Уюму Ирактын саясий-экономикалык өнүгүшүндө маанилүү роль ойношуна үмүт артаарын айтабыз. Ошондой эле, Ирактын элине быйыл 30-июнда эгемендүүлүгүн кайтарып берүүу маселесин да макулдашуу керек", - деди Ирактагы америкалык башкаруучу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG