Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

БРИТАНИЯЛЫК ИЛИМПОЗДОР “ОКУМУШТУУ-РОБОТТУ” ОЙЛОП ЧЫГАРЫШТЫ


Жыргалбек Касаболотов, Прага шаары Британиялык беш университеттин окумуштуулары өзү эксперимент жасап, анын жыйынтыгын талдай ала турган роботту жасап чыгышканын жарыялашты. Долбоордогу жетектөөчү илимпоздун айтымында, мындай роботтун изилдөөлөрү жакшы аспиранттын ишине караганда алда канча аз чыгаша талап кылат экен.

Адатта профессорлор студенттерди системалуу ой жүгүртүүгө үйрөтүшөт. Лабораториядагы кызматкерлер кайсы бир көрүнүшкө байкоо жүргүзүп атканда, алар ар кандай гипотезаларды, башкача айтканда көрүнүштүн себептеринин текшериле элек түшүндүрмөсүн иштеп чыгышат. Андан соң ошол гипотезалар туура же туура эмес экендигин текшериш үчүн эксперимент жүргүзүлөт. Ар бир эксперименттин жыйынтыгына карай улам жаңы гипотезалар пайда болуп жүрүп отурат. Акыры изилденип аткан көрүнүштүн сыры чечилет. Эми болсо британиялык окумуштуулар ошондой иштин баарын жалгыз өзү аткара ала турган роботту жасап чыгарышканын жарыялашты.

Росс Д. Кинг – Уэлс университетинин маалымат таануу (информатика) бөлүмүнүн ушул долбоор үчүн иштеген башкы изилдөөчүсү. Анын айтымында, окумуштуулар жамааты өзү ойлонуп, өзү аракет кыла турган роботту чыгарыш үчүн механикалык робототехника менен компьютердик программаны бириктирди.

- Биз жасаган нерсе илимий ой жүгүртүүнүн жана эксперимент жүргүзүүнүн жөнөкөй түрүн автоматташтырууга жөндөмдүү, - дейт Росс Кинг.

Жакында бул окумуштуулар жамааты роботко ачыткыч бактериялардын айрым гендеринин иш милдетин аныктап чыгууну тапшырган. Илимпоздор муну өз алдынча эле кадимки көнүмүш ыкмалар менен таап чыгышкан. Бирок, топтун жыйынтыгына караганда, робот өзүнө тапшырылган иликтөөнү тез жана так аткаргандыктан, анын ишинин сапаты кадимки илимпоздордукунан анча деле айырмаланбайт.

Кинг жана башка окумуштуулар мындай көрүнүшкө өтө чоң маани берип, аны ар кандай себептер менен түшүндүрүп жатышат. Алардын пикиринде, жасалма акылды өнүктүрүү адамча ойлоно албаса да, адамга окшоп ой жүгүртө алган машиналардын пайда болушуна алып келет. Мындан тышкары, ушундай роботтор майда-барат иштерден окумуштуулардын колун бошотуп, адамдар алда канча жоопкерчиликтүү жумуш менен алек болгонго мүмкүнчүлүк алышат.

Айрым маалымат булактарынын ырастаганына караганда, Росс Кинг менен анын кесиптештери жасаган робот шахматтык турнирлерде өз алдынча ойногон башка роботтордой акылдуу эмес. Бирок роботту конкреттүү илимий проблеманы чечиш үчүн пайдалануу бул тармактын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп турат. Мындай роботтун эң алгачкы жөнөкөй түрүн 1990-жылы Ян Житков аттуу окумуштуу жана анын кесиптештери жасап чыгышкан. Окумуштууларды азыр тынчсыздандырган бир гана маселе бар. Эгерде маалымат базасы жетишсиз болсо, робот кээде керектүү эксперименттен да баш тартып коюшу мүмкүн. Бул болсо илимди көптөгөн ачылыштардан куржалак калтырат.

Кандай болгон күндө да, жасалма акыл менен иштеген роботтук техниканын келечеги алдыда экенин турмуш далилдеп келатат. Ал адам баласы үчүн кийин кандай натыйжа берээрин азырынча айтыш кыйын.
XS
SM
MD
LG