Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

ООГАНСТАНДЫН ТҮНДҮГҮНДӨ ӨЗБЕК ОППОЗИЦИЯСЫ БАЗА ТҮЗӨ БАШТАДЫБЫ?


Жаңыл Жусубжан, Прага. Тажикстанда мурдагы оппозициячыл, азыр расмий таанылган исламчыл партиянын жетекчилеринин бири жакында 16 жылга кесилгенден кийин, Исламчыл партия 1997-жылы жетишилген тынчтык келишимине коркунуч келип жаткандыгын эскертти. Ошентип, ички стабилдүүлүк бычактын мизинде турганда, коңшулаш Ооганстанда оппозициячыл күчтөр Тажикстан менен чек арага жакын аймактарда күч топтоп жатат деген кабар келди. Ооган апийими да Борбор Азияны гана эмес, бүт эл аралык коомчулуктун тынчын алган маселе бойдон кала берип жатат. Бул темага Жаңыл Жусубжан сереп салат.

Чек арачылардын билдиришинче, Ооганстандын учурдагы өкмөтүнө кастарын тиккен исламчыл күчтөр өлкөнүн түндүгүндө, тажик чек арасына жакын жерде базаларын түзө башташты. "Ооган оппозициясы Кундуз, Тахор, Бадахшан провинцияларында ири партизандык операциялар үчүн базаларды ачуу максатын көздөшүүдө", - деп билдирди өз атын атоону каалабаган расмий өкүл АФП агенттигине.

Анын айтымында, Өзбекстандын Исламдык кыймылы Пакистан менен чек арадагы базаларынан Ооганстандын түндүгүнө орун которду. Бул кыймылды Америка Кошмо Штаттары террористтик топтордун тизмесине киргизген.

Ошол эле убакта, Ооганстандан Тажикстанга келип жаткан баңгизаттардын агымы сээлдегени байкалбайт. Тажик-ооган чек арасынын узундугу 1340 чакырымды түзөт. Ал эми Ооганстанда дүйнөдөгү героиндин 77 пайызы өндүрүлөт. Бул героиндин басымдуу бөлүгү Батыш базарларына Тажикстан аркылуу жеткирилет.

Тажикстандын баңгизат агенттигинин маалымат катчысы Хуршод Рахматтулаевдин билдиришинче, оогандар апийим плантацияларын көбөйтүп, ошол эле убакта героин чыгаруучу лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрү өсүп жатат.

Ооганстанда талип режими 2001-жылы кулагандан бери апийим өндүрүшү кескин өстү. Тажик адистеринин маалыматында, 2003-жылы эле апийим талаалары сегиз пайызга көбөйдү. Тажикстан менен чек аралаш Бадахшан вилайетинде бул көрсөткүч 55 пайызды түзгөн.

Айрым эсептөөлөргө ылайык, Ооганстандын ишке жарамдуу калкынын 23 пайызы апийим өстүрүүгө тартылган, ал эми апийим соодасы бир миллиард доллар киреше алып келет. Бириккен Улуттардын эсебинде, үстүбүздөгү жылы өлкөдө 4 миң тонна апийим өстүрүлөт жана андан 400 тонна героин өндүрүлөт. Бул сооданын көлөмүн төмөндөтүү үчүн көп жылдар талап кылынмакчы.

Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Дауд Панжери олуттуу проблемалардын катарында көзөмөлдүн жоктугун, жер-жерлердеги куралдуу топтордун бийликке баш ийбегенин жана алардын эл аралык баңгизат картелдери менен байланышын атады.

- Бул көйгөйдү чечүү үчүн бери эле дегенде 10 жыл талап кылынат, ошондо да күчтүү борбордук өкмөт болушу керек, - деп билдирди элчи.

Өткөн жылы тажик-ооган чек арасында 15 баңгизат аткезчиси атып өлтүрүлүп, рекорддук 5,6 тонна баңгизат конфискацияланды. Адистер дан азыктары сыяктуу башка айыл-чарба өсүмдүктөрүнөн түшкөн пайда апийим өстүрүүдөн түшкөн пайдадан ашып түшмөйүн, баңги аткезчилигин тизгиндөө мүмкүн болбой тургандыгын эскертишет. Тажикстандык адис Султан Хамадов белгилегендей, Ооганстанда дыйкандар апийим өстүрүүгө кынык алып алышкан, бул өндүрүш күрүч, буудай же пахта өстүрүүгө караганда алда-канча жеңил жана кирешелүү.

Хамадов эскерткендей, баңгизат картелдери Ооганстандын апийим өстүрүүчү өлкө бойдон калышы үчүн бардык аракетин жасап жатышат, бул үчүн алар ар түрдүү расмий чөйрөлөр аркылуу коркутуп-үркүтүүдөн жана пара берүүдөн да тайсалдашпайт.

Анын аралыгында, Тажикстандын президенти Имомали Рахмонов ооган-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп баратканда кармалган Ооганстандын 17 атуулуна мунапыс жарыялады. Чек араны тымызын кесип өткөндөр адатта баңгизат ташуучулар болушат. Тажикстандын юстиция министри Алихон Рахмонов: "Бошотулган оогандардын мыйзамсыз баңги аткезчилигине тийешеси болгон эмес", - деп ырастады. Ошол эле убакта, алардын эмне себептен тажик түрмөсүнө түшкөнүн ал түшүндүрүп отурган жок. Бошотулган оогандардын айрымдары бир нече жылдан бери абакта отурушкан.
XS
SM
MD
LG