Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Израилдин Швециядагы элчиси эл аралык жаңжалга түрткү берди


Жума күнү Израилдин Швециядагы элчиси Зви Мазел Стокголмдогу музейлердин биринен вандализм үчүн куулуп чыкты. Ал палестиналык жан кечтини сүрөттөгөн экспозицияны “геноцидге үндөө” катары баалап, аны талкалап салган.
Теги израилдик өнөрпөз өз чыгармасын, тескерисинче, “жарашуунун символу” деп, элчинин дооматын четке какты. Көргөзмө геноцидге арналган конференцияны утурлай ачылган.
Жөөт өкмөт башчысы Ариэль Шарон “элчи антисемиттик чыгарманы кыйратып туура кылды” деди. Шарон өкмөттүн бардык мүчөлөрү Мазелди коргой турганын кошумчалады.
Швециянын Тышкы иштер министрлиги Мазелдин вандлализм үчүн жооп беришин талап кылды.

XS
SM
MD
LG