Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Ооганстанда президенттик шайлоого даярдыктар уланып жатат


Ооган президенти Хамид Карзай анын өкмөтү жана эл аралык коомчулук “президенттик шайлоонун адилет өтүшү үчүн болгон аракетин жумшайт” деп билдирди.
Бир нече кандуу чабуул, июнь айына белгиленген добуш берүүгө шек саноо менен кароого негиз берген эле. Бул күнгө карата 10 миллиондой шайлоочунун 350 миңи гана каттоодон өттү.
Бириккен Улуттар Уюму болсо өлкөнүн көпчүлүк региондору иш алып баруу үчүн кооптуу экенин белгилеп, коопсуздук орнотумайынча шайлоонун пландалган мөөнөттө өтөөрү арсар экенин ырастаган эле. Бирок кечээ Хамид Карзай “шайлоо белгиленген убакытта өтөт” деп сөз берди. Бүгүн болсо Карзай шайлоочу катары катталды.
- Колубуздан келгенди жасап жатабыз. Калк каттоого кызыгуу менен мамиле кылып жатат. Добуш берүү үчүн керектүү шарт түзүп берсек, 10 миллионго чукул киши шайлоо кагаздарын алып, Ооганстандын келечегин тандоого мүмкүнчүлүк алышат, - деди Карзай.

XS
SM
MD
LG