Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:33

Ирандын Камкордук кеңеши өз чечиминен баш тартпай тургандыгын билдирди


Ирандын Камкордук кеңеши 3 миң чакты байистүү талапкерди эмки айга белгиленген шайлоодон оолактатуу чечиминен баш тартпай турганын ырастады. Кеңештин басма сөз өкүлү Эбрахим Азизинин айтымында, реформачыл талапкерлердин нааразылыгы буга чейин кабыл алынган чечимге эч кандай таасир этпейт.
Өткөн аптада шарияттын жол-жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөгөн бул кеңеш бир нече миң талапкердин, анын ичинде азыркы 80 депутаттын парламенттик орун үчүн ат салышуусуна тыюу салган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG