Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:59

БАГДАДДАГЫ ЖАРДЫРУУ БУШТУН ДАРЕГИНЕ АЙТЫЛГАН СЫН-ПИКИРЛЕРДИ КҮЧӨТТҮ


Багдадда жекшемби күеү болгон жардыруудан набыт болгон адамдардын саны 25ке жетти. Соңку санактар боюнча 100гө жакын киши жараат алды. Эң кандуу кол салуулардын бири катары эсептелген бул терракт Кошмо Штаттардын өзүндө президент Жорж Буштун тышкы саясатын сындаган апаздарды ого бетер күчөттү.

АКШ администрациясынын өкүлдөрү жекшемби күнкү терракт Ирактагы башкарууну жергиликтүү администрацияга шайлоосуз өткөрүп берүү пландарына козголоңчулар жолтоо болот деген жоромолду бышыктагансыды дешүүдө.

Ирактын америкалык администратору Пол Бремер жардыруу анын Коффи Аннан менен жолугушуусуна залакасын тийгизбейт деп кесе белгиледи. Дүйшөмбүгө белгиленген сүйлөшүүлөрдө БУУнун Ирактагы жаңы ролу талкууланмакчы.

Жекшемби күнү эртең менен Багдадда коалиция күчтөрү ээлеген имараттын алдында турган жүк ташуучу машина жардырылганын эсиңиздерге сала кетеьиз. АКШ армиясынын өкүлү, полковник Ралф Бэйкердин ырастоосунда, “Тойота” автомобилинин ичине 450 килограммдык бомба коюлган. Бэйкер күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып, бир нече жардыруу болгон деп болжолдоду. Жардыруу коалициянын баш кеңсесинде иштеген ирактыктар текшерүү пунктунан өтүү үчүн кезек күтүп турушкан кезде болгон. Пол Бремер окуяга байланыштуу билдирүүсүндө кол салуу эл топтолгон убакытка атайын мерчемделип жасалганын баса белгиледи.

Полковник Бэйкердин ырастоосунда, жардыруу эл аралык коомчулукка каршы багытталган:

- Бул дарбаза чет элдик кабарчылар тарабынан пайдаланылчу. Менимче, бомба атайын ошол жерде жардырылган.

Дарыгерлер менен полициянын маалыматтарына ылайык, 25 киши набыт болду, дагы жүздө киши жараат алды. Өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн, анткени машиналардын сыныктарынын алдында да денелер болушу ыктымал, - дешүүдө расмий өкүлдөр.

АКШлык генерал Марк Киммит мерт болгондордун арасында америкалык эки атуул бар деп маалымдады. Азыр сөөктөрдү аныктоо иши уланып жатат.

Ошол эле күнү кечинде Кербала шаарындагы жардыруудан 13 киши жарадар болгону маалымдалды.
Ишембиде болсо жолдун боюна коюлган бомбадан америкалык үч аскер өлдү. Ошентип, Ирактагы аскерий операция башталган март айынан бери курман болгон америкалык жоокерлердин саны 500дөн ашты. Саддам Хусейндин режими кулагандан бери 600дөй жергиликтүү полициячы өмүрүнөн ажырады.

Ирактагы зомбулуктун жаңы толкуну АКШнын өзүндө чоң резонансты жаратты. Буш администрациясынын Ирак саясатын буга чейин да сындагандар көп болчу. Бирок президенттик шайлоо кампаниясы ошол сын пикирлерди күчөткөнсүдү. Бир катар демократ-саясатчылар шайлоочулар менен болгон жолугушууларында Буштун Ирактагы саясатын кескин айыпташты.

Жекшембиде Эй-би-си сыналгы каналына берген интервьюсунда президенттикке талапкер, Массачусетс штатынан сенатор Жон Керри азыркы администрациянын тышкы саясатын, анын ичинде Ирактагы иш-аракеттерин сындады.

Башка бир кандидат, сенатор Жон Эдвардс Вашингтон Ирак саясатында эл аралык колдоого ээ боло алган жок деген оюн билдирди. “Ирактагы коопсуздук күчтөрүнө башка улуттардын өкүлдөрү да тартылышы керек. Өткөөл өкмөт болсо БУУга өткөрүлүүгө тийиш,” - деди Эдвардс Си-би-эс телеканалы тартуулаган маегинде.
Миссури штатынын өкүлү Дик Гепхардт өткөн жумада Тышкы байланыштар кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Хусейнди кулатууга багытталган аскерий операция башынан аягына чейин чоң жаңылыштык деген пикирин ортого салган эле.

“Саддам куулганына мен өкүнбөйм. Тышкы саясатыбызда каталардын кетирилгени абдан өкүнүчтүү. Ирактын топурагындагы кандуу сазга батканыбыз өкүнүчтүү. Андан чыгуу стратегиясынын жоктугу жана эл аралык жардамдын жетишсиздиги үчүн кандайдыр бир күнөөнү сезем”, - деген Гепхардт.

Сенатор Иракта массалык кыргын салуучу куралдын табылбаганына байланыштуу көз карандысыз тергөө өткөрүүнү жекшемби күнү сунуш эткен.

Маалымат үчүн кошумчалай кетели, АКШда президенттик шайлоо быйыл күзүндө болот.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG