Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Ирандагы реформачыл партия, эгерде диний консерваторлор кепке келишпесе, алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай коерун жарыялады


Ирандын президенти Мохаммад Хатами жетектеген алдыңкы реформачыл партия, эгерде диний консерваторлор кепке келишпесе, алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай коерун жарыялады. Мындай чечим президент Хатами жана парламенттин спикери Мехди Каруби катышкан жыйында кабыл алынды. Мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп турган Ислам революциясынын сакчыларынын кеңеши 20-апрелде боло турган парламенттик шайлоого жүздөгөн реформачылардын катышуусуна тыюу салды. Бирок бул кеңеш өз чечимин январдын аягына чейин кайра карап чыкса болот.

Эл аралык кабарлардын кечки топтомун даярдаган Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG