Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Пакистанда илимпоздор суракка алынууда


Пакистандын бийлик өкүлдөрү ядролук курал боюнча адистешкен сегиз илимпозду суракка ала башташты. Буга Пакистандын ядролук технологиясы Иранга жана башка өлкөлөргө берилип жатканы тууралуу каңшаар себеп болду. Андай маалымат Пакистанга Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктен келип түшкөн. Пакистандын жетекчилиги өлкөнүн расмий мекеме-уюмдары ядролук технологияны Иранга, Ливияга жана Түндүк Кореяга өткөрүп берүүгө катышканын моюнга алуудан баш тартууда. Бирок Исламабад мындай маалыматты окумуштуулар бериши мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

XS
SM
MD
LG