Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Жапониянын аскерлери Иракта жайгашууда


Жапониянын коргонуу күчтөрүнүн аскерлери Ирактын түштүгүндөгү Эс-Самава шаарына келип түштү. Алар Иракка марттын аягында алты жүздөй жапон аскерлерин жайгаштырууга даярдык көрүшөт. Токиодо парламентте сөз сүйлөп жатып, бүгүн өлкөнүн премьер-министри Дзюньитиро Коидзуми жапон өкмөтүнүн бул чечимин депутаттарга сүйүнчүлөдү.
- Эми биз эл аралык коомчулукка жалаң акча же кайрымдуулук жардамы түрүндө гана көмөк көрсөтүп тим болбостон, кооптуу жерлерден тынчтык орнотуудан да качпай турганыбызды айтсак болот. Биздин жүзүбүз жарык. Анткени акча берүү жетишсиз. Биз башка мамлекттерге аскер жиберип турууга да милдеттүүбүз, - деди Дзюньитиро Коидзуми.

XS
SM
MD
LG