Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Орусияда аскерлерге суук тийгизген офицерлер айыпталууда


Орусиянын аскердик прокуратурасы Магадан облусунда аскерге жаңы келген жигиттердин ооруп калгандыгы үчүн орусиялык үч офицерге күнөө койду. Аскердик башкы прокуратуранын “Интерфакс” агенттигине кабарлаганына караганда, бул боюнча Башкы штабдын жана Чегара кызматынын бир топ жетекчилери да жоопкерчиликке тартылат. Декабрдын аягында Магаданда 80ден ашуун жаш жоокер өпкөсүнө суук тийип ооруп калган. Буга командирлер 15 градус суукта аларды жеңил кийими менен талаага тизип коюп кетип калышканы себеп болгон. Экинчи январда ооруп калган аскерлердин бирөө ооруканада жатып каза болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG