Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Багдадда нааразылык акциясы болду


Багдадда бүгүн аятолла Али ас-Систанини жактаган миңдеген шиит-мусулмандар кайрадан нааразылык акциясын өткөрүштү. Алардын негизги талабы – Ирактын жаңы өкмөтүн түзүш үчүн ачык шайлоо өткөрүү. Нью-Йоркто болсо бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ирактын Башкаруучу кеңешинин өкүлдөрү жана утурумдук америкалык-британдык администрациянын башчысы Пол Бремер менен жолугушат. Былтыр коалициянын күчтөрү менен Башкаруучу кеңеш өкмөттү дайындай турган өтмө ассамблеяны май айында чакырууну макулдашышкан. Кечээ болсо Багдадда коалициянын штабынын алдында жарылуу болуп, андан 23 киши каза таап, бери болгондо 100дөй адам жарадар болду.

XS
SM
MD
LG