Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Грузиянын жаңы президенти коррупцияга каршы күрөш жарыялады


Грузиянын жаңыдан шайланган президенти Михаил Саакашвили өлкөдө коррупцияга каршы чоң өнөктүк башталганын билдирди. Кечээ НТВ телеканалына интервью берип жатып, ал президент Владимир Путиндин Орусияда тартип орнотуу аракеттери Грузия үчүн өрнөк болоорун жарыялады. Жекшембиде болсо Тбилисиде мурдагы отун-энергетика министри Давид Мирцхулава жана Темир жол департаментинин мурдагы жетекчиси Акакий Чхаидзе кармалышты. Аларга “коррупцияга тиешеси бар” деген айып коюлууда.

XS
SM
MD
LG