Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

Казак ишкерлери Талас облусунун жетекчилигине кат жазышты


ТАЛАС. Талас облусунда соода-сатык менен алектенген казакстандык ишкерлер жергиликтүү мамлекеттик автоинспекциянын айрым кызматкерлери пара берүүнү талап кылып атышканын маалымдап, облустун жетекчилигине арыз менен кайрылышты. Облустук мамлекеттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Зоотбек Кудайбергеновдун маалыматы боюнча, ал тургай казакстандык ишкерлердин өкүлдөрү Жумадиллаев жана Култаев 300 сомдон миң сомго чейин пара берүүнү талап кылган МАИ кызматкерлеринин аты-жөндөрүнө чейин атап беришкен. Анын айтымында, арызда жазылган фактылар далилденген. Ошондон улам облустун жетекчилиги казакстандык ишкерлерден пара талап кылган МАИ кызматкерлерин бир жуманын ичинде жоопкерчиликке тартып, иштен бошотууну сунуш кылып, облустук ички иштер башкармалыгына кат жөнөттү. Былтыр күзүндө казак ишкерлери жергиликтүү МАИ кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арыз менен облустук жетекчиликке кайрылышып, натыйжада күнөөлүү деп табылган кызматкерлер иштен бошотулган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG