Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

«Аалам» гезити менен укук коргоочу айып тартмак болушту


БИШКЕК. «Агым” гезитинин негиздөөчүсү Мелис Эшимкановго «Аалам» гезити 500 миң сом, ал эми укук коргоочу Турсунбек Акун 50 миң сом айыппул төлөйт. Мындай чечим бүгүн укук коргоочу менен «Аалам» гезитинин апелляциялык арызын караган Бишкек шаардык соту тарабынан чыгарылды. Буга чейин Мелис Эшимкановдун «Аалам» гезитинин өткөн жылдагы санында Турсунбек Акундун «Мелис Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү» деген аталыштагы макаласында адамдык аброюна шек келтиргенин белгилеп, укук коргоочудан 2 млн сом , ал эми «Аалам» гезитинин редакциясынан 3 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүп Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна кайрылган. «Аалам» гезитинин редакциясы менен Турсунбек Акун апелляциялык арыз жазып Жогорку сотко кайрылышаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG