Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Ф.Куловдун туугандары өлкөнүн жетекчилигине кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун туугандары мамлекет башчысы Аскар Акаевге, вице-премьер-министр Курманбек Осмоновго бүгүн кайрылуу жолдошту. Кайрылууда, Феликс Куловдун атасы Шаршенбайдын иниси Мухамбетшаа Кулов жаңы жылда каза болгондугуна байланыштуу, маркумга топурак салып жаназасына катышып кетиш үчүн Феликс Куловду абактан убактылуу бошотуп берүүнү өтүнүп, бир туугандары президенттик администрация башчысынын орун басарына кайрылышкан. Бирок президенттик администрациядан эч кандай жооп болгон эмес. Байтик айылынын тургундары Куловдун бир туугандары Маркум Мухамбетшаа Куловдун кырк ашында куран окутуу аземине Феликс Куловдун катышып кетүүсүнө уруксат берүүнү президенттен жана вице-премьер-министрден өтүнүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG