Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Бишкекте президент А.Акаев катышкан жыйын болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте президент Аскар Акаевдин катышуусунда шаардык активдин жалпы жыйыны болду. Ага башкалаадагы мекеме, уюм жетекчилери, Шаар кеңештин депутаттары катышты. Жыйында Бишкек шаарынын өткөн жылдагы аткарган иштери тууралуу шаар башчысы Медетбек Керимкулов маалымат берди. Президент Аскар Акаев шаар активи менен болгон жолугушууда быйыл шайлоого байланыштуу саясий өнөктүккө алаксыбай, шаардын экономикасын көтөрүү боюнча иш аракеттерге басым жасоону өтүндү. Ал шаардын ички дүң продуктусын 2008-жылга чейин 2 эсе көбөйтүүнү сунуш кылды. Мамлекет башчысы быйыл ыгы жок той-топурларды өткөрүүнү токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG