Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

Орусиянын коргоо министри расмий сапар менен Индияда жүрөт


Сергей Иванов бүгүн Делиде Индиянын бийликтери менен эки өлкөнүн аскерий жана стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. С.Ивановдун иш сапары учурунда Индиянын Орусиядан аскерий учактарды тартуучу "Адмирал Грошков " деп аталган мурдагы колдонуудагы кемени сатып алаары жөнүндө расмий түрдө жарыяланаары күтүлүүдө. Наркы 1,5 миллиард долларды түзгөн бул соода келишими Орусиянын Индияга совет доорунда курулган кемени жаңылап, аны МиГ үлгүсүндөгү аскерий учактар менен жабдып берүүсүн карайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG