Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Пакистандын президенти иш сапары менен Түркияга келди


Первез Мушараф өзү Түркияга жөнөп кетээр алдында билдиргендей, үч күндүк визит учурунда тараптар эки өлкөнүн экономикалык, соода алакаларын чындоого байланышкан маселерди талкуулайт. Первез Мушараф Анкарада түрк президенти Ахмед Неджет Сезер, премьер- министри Режеп Эрдоган менен жолугат жана Түркиянын парламентинде сөз сүйлөйт. Визит учурунда Түркия менен Пакистандын террорчулукка, уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүсү, саламаттыкты сактоо жана банк тармагындагы кызматташтык келишимдерине кол коюлаары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG