Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Бириккен улуттар уюму АКШ менен Ирактын жетекчилеринин өтүнүчү боюнча Иракка кайтып баруу маселесин караштырмакчы. Ирактын утурумдук коалициялык администрациясы менен Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн соңунда Аннан Иракта шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдей турган эксперттер тобун ал жакка жөнөтүү маселесин караштырып жатканын маалымдады.

Кофи Аннан Ирактын утурумдук жетекчилери менен болгон жолугушуудан кийин, Бириккен улуттар уюму жакында Ирактагы ролун аткара башташы мүмкүн деп билдирди. Баш катчынын сөзү боюнча, Улуттар уюму эң ириде Багдаддагы утурумдук башкаруучулар менен Ирактын өкүлдөрү ортосунда жаңы өкмөт шайлап, бийликти өткөрүп берүү маселесиндеги талаштарды жөнгө салууга аракет көрмөкчү.

- Ирактын Башкаруу кеңешинин жана коалициялык администрациясынын өкүлдөрү Бириккен улуттар уюмунан тез арада Иракка эксперттерди жөнөтүп, алдыдагы бир нече ай ичинде шайлоо өткөрүүгө болор-болбосун изилдеп берүүнү өтүнүштү. Эгерде шайлоо өткөрүүгө шарт жок болсо, анда дагы башка жолдор сунуш кылынышы мүмкүн. Башкысы – жайга жеткирбей бүткүл элдик шайлоо өткөрүш үчүн техникалык, саясий жана коопсуздук шарттары кандай абалда экенин аныктоо зарыл.

Байкоочулар бирок, Аннан Ирактагы саясий жана башка кайра куруу иштерине Бириккен улуттар уюму активдүү катышат деп ачык айтпаганына көңүл бурушту. Акыркы 10 ай аралыгында Иракта баарына баш-көз болуп келаткан Кошмо Штаттар согуш баштаар алдында да Улуттар уюмунан тийиштүү уруксат ала алган эмес. Өткөн күздө Багдаддагы кеңсесинде бомба жарылып, 22 киши өлгөндөн кийин Улуттар уюму бул өлкөдөгү кызматкерлерин чыгарып кеткен. Аннан азыр да эл аралык кызматкерлер Иракта туруктуу бийлик жана коопсуздук орнотулгандан кийин гана ал жакка кайтып бара алышат деп белгиледи.

Ирактагы америкалык жана жергиликтүү башкаруучулар утурумдук администрация менен ирактык шийилердин лидери, Аятолла Али ас-Систанинин ортосундагы чатакты жайгаштырууда Улуттар уюму ортомчулук кылып бере алат деп үмүт артууда. Коалициялык администрация Ирактагы бийликти 30-июнга чейин убактылуу өкмөткө өткөрүүнү пландаштырып койгон. Ал план боюнча, убактылуу өкмөттү АКШнын көзөмөлү астында дайындалган 18 регионалдык акимчиликтин мүчөлөрү тандашмак. Шийилердин лидери Систани ал планды четке кагып, Иракта чукул арада бүткүл элдик шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Анын чакырыгын колдогон миңдеген ирактыктар бир нече күндөн бери Багдадда ири демонстрациялар өткөрүштү. "Ирактыктардын баары – бир эл. Диний бийлик орнотулсун!" – деген кыйкырыктар менен коштолгон андай демонстрация дүйшөмбү күнү да болуп өттү.

Шейшембиде Ирактагы америкалык башкаруучу Пол Бремер шийилер талап кылгандай, шашылыш шайлоо өткөрүүгө шарт жок, бирок бул маселе ар тараптуу изилденип жатат деп кайталады.

- Биз тикелей шайлоо өткөрүү маселеси мыйзамдуу деп ойлойбуз, ошондуктан Бириккен улуттар уюму Ирактагы шарттарды иликтеп чыккан соң, өз сунуштарын билдирмек болду. Мен дагы бир жолу Улуттар уюмунун баш катчысы бул маселенин олуттуулугун түшүнүп, ыкчам экспертиза өткөрүүгө макул болгонуна ыраазычылык билдирем.


Кырдаалды ишембиде Багдадда коалициянын штабынын алдында болгон жардыруу да курчутуп жиберди. Ал жарылуудан 23 киши мерт болуп, 100дөй адам жараат алышкан. Шейшембиде Вашингтондо Ирактагы жагдай жана анын келечеги - Пол Бремер баштаган Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен Пентагон, Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы болмокчу.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG