Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Бүгүн Багдадда миңдеген шииттер АКШнын пландарына нааразылык билдирип, жөө жүрүшкө чыгышты


Жөө жүрүш кечээ да болгон. Бирок кечээкиге караганда бүгүн нааразылык акциясына чыккандар кыйла аз болду. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Иракка эксперттер тобун жөнөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат. Аннандын айтымында, азырынча бул чечим кабыл алына элек жана маселе дагы талкууланмакчы. Кечээ Ирактын Башкаруучу кеңеши жана убактылуу администрациясы Ирактын руханий лидери аятолла Али ас-Систани менен болгон талашты чечип берүү өтүнүчү менен Кофи Аннанга кайрылышты. Ас-Систани шайлоону тездетүүнү талап кылууда, анткени шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөнүн жетекчилигинин укуктары аныкталат.
АКШ болсо “азыркы кырдаалда Иракта адилет шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес, ошондуктан бул саясий өнөктүк келерки жылы болушу керек, ага чейин бийликти өткөөл өкмөткө өткөрүп бериш керек” деген пикирде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG