Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

КАЗАКСТАНДА АЙЫПКЕРДИ ӨМҮРҮНҮН АЯГЫНА ЧЕЙИН АБАККА КЕСҮҮ ЖАЗАСЫ КИРГИЗИЛДИ


Казакстанда президенттин жардыгы менен айыпкерлерди өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө салуу практикасы кабыл алынды. Бул чара өлүм жазасы менен катар киргизилүүдө. Борбор Азияда Түркмөнстан гана өлүм жасасынан баш таркaн.

Өткөн аптада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлүм жазасы менен катар, оор кылмыш кылган кишини өмүрүнүн аягына чейин абакка отургузууну караган жардыкка кол койду. Муну жогорку жазаны толугу менен күчүнөн кетирүү багытындагы кадам деп эсептөөгө болот. Анткени өткөн айда Назарбаев өлүм жазасын ишке ашырууну убактылуу токтотууга буйрук чыгарган. Ошондо ал «акыры өлүм жазасынан баш тартабыз, бирок азырынча коомчулук буга даяр эмес» деген эле.

Казакстан мүчө болгон Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын президенти Петер Шидер мораторий чечимине жогору баа берип, «бул кадам парламенттик демократияны чыңдап, мыйзамдуулукту жана адам укуктарын сактоого жагымдуу шарт түзөт» деди. Аталган кеңеш мүчө-мамлекеттерде адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондуктан ага кошулаардын алдында Азербайжан өлүм жазасын күчүнөн кетиргени маалым. Казакстан Европа Кеңешине кабыл алына элек. Бирок ал - Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмуна мүчө. Бул уюмда да өлүм жазасынан арылуу тенденциясы улам күч алып келатат. ЭККУнун адам укуктары боюнча комиссары Анна Крауфорд «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Казакстандын атууга мораторий киргизиши ЭКК уюмундагы өлүм жазасын жоюу тенденциясына шайкеш келет. Азыр ЭККУнун саналуу мүчөлөрү гана бул жазаны колдонуп, айыпкерлерди үстү-үстүнө өлүм жазасына тартып келатат. Алар – Беларус, Тажикстан, Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттары".

Бирок, мораторий өлүм жазасына кесүү токтойт дегенди билдирбейт. Бул тууралуу казак парламентинин мүчөсү Рамазан Сарпеков "Азаттыкка" мындай деди:

- Мораторийдин киргизилиши Казакстан Республикасында соттор өлүм жазасына өкүм кылууну дароо токтотот дегенди түшүндүрбөйт. Эл аралык стандарттарга баш ийип, казак президентинин жардыгы менен өлүм жазасын ишке ашыруу убактылуу токтотулуп отурат.

Бул кырдаал Кыргызстанда жакшы белгилүү. Президент Акаев 1998-жылдан бери өлүм жазасына жыл сайын мораторий жарыялайт. Бирок өлүм кезегинде тургандарга тиешелүү шарт түзүлбөгөндүктөн, алардын арасында кургак учук жана башка оорулар көп кездешет, айрым маалыматтарга караганда, бул тизмедеги 300 чакты кишинин 150дөйү өлүм камерасында отурган жеринен каза тапкан. Азыр Кыргызстанда 139 киши өлүм кезегинде турат.

Азырынча Борбор Азия жумурияттарынан Түркмөнстанда гана өлүм жазасы жоюлган. Түркмөн бийликтери айыпкерлерди аларды өлтүрүп жазалоодон баш тартканына 4 жылдан ашып барат.

Өзбекстанда өлүм жазасы дале колдонулат, бирок өткөн айда өзбек парламенти бул жаза колдонулуучу кылмыштардын санын дагы кыскартып, экөөнү гана калтырды. 1994-жылга чейин өлкөдө 13 кылмыш боюнча жогорку жаза колдонулчу. Мындан ары Өзбекстанда террордук ишке баргандар жана күнөөнү оорлотуучу кырдаалда киши өлтүргөндөр гана атууга кетет. Өзбекстандын кылмыш кодексине ылайык, аялдар жана 18 жашка чыга элек, же 60тан ашкан эркектер жогорку жазага тартылбайт.

Тажикстанда да бул чара күчүндө кала берүүдө. Өткөн июлда президент Эмомали Рахмонов өлүм жазасы колдонулуучу кылмыштардын тизмесин азайтууну жана аялдарды бул жазадан бошотууну караган мыйзам долбоорун парламентке кийирген. Тажикстанда боюнда бар аялдар жогорку жазага тартылбайт, ушул жобо менен 1990-жылдардын этегинде боюнда бар аялды өлүм жазасына тартуу үчүн боюнан алдырууга мажбурлашкан. Бул жаңжал Тажикстандын беделин бир топ түшүргөн. Бул өлкөдө бүгүн өлүм жазасы каракчылык, терроризм, ири масштабдагы баңгиаткезчилик жана дагы бир нече оор кылмыштарга карата колдонулат.

Казакстанда жаңы киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, ичээр суусу түгөнгөнгө чейин абакка түшкөн казак атуулдары алгач өлкөнүн түндүгүндөгү Павлодар облусунда курулган катуу кайтаруудагы үч түрмөнүн бирине жиберилет. Юстиция министрлиги маалымдагандай, айыпкерлер бир камерага төрттөн отургузулат, жумуш кылышпайт жана күнүгө бир саат таза абада сейилдөөгө уруксат алышат.

Эл аралык Мунапыс уюмунун маалыматына караганда, Казакстанда 1998-жылдан бери өлүм жазасынын колдонулушу боюнча расмий статистика жарыяланган эмес. Бирок атууга кеткендердин саны улам азайып бараткан сыяктанат. 2001-жылы 39 киши мамлекет тарабынан өмүрүнөн ажыратылса, 2002-жылы алардын саны 18ди түзгөн.
Юстиция министринин орун басары Сабыржан Бекбосуновдун билдиришинче, өткөн 2003-жылы 30-40 киши өлүм жазасына кесилгенин боолголоо мүмкүн.
XS
SM
MD
LG