Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы билдирүү таратты


БИШКЕК. Бүгүн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы билдирүү таратты. Анда «Юстиция министрлигинин өткөн жылдын 31-октябрында чыгарган №167 буйругу өлкөдөгү сөз эркиндигин чектөөдө. Буйрук Конституциянын «сөз эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына жол берилбейт» деген беренесине, «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» жана башка мыйзамдарга каршы келет.
Билдирүүдө белгиленгендей, Юстиция министрлигинин аталган буйругу өкмөт тарабынан 2002-жылдын 14-январында кабыл алынган «Кыргыз Республикасында басма сөз ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндөгү убактылуу жобого» ылайык чыккан. Бирок аталган жобо коомчулуктун жана эларалык укук коргоочулардын кескин сынына алынып, жокко чыгарылган. Ошондон улам коалиция Юстиция министрлигинен аталган буйрукту кайра карап чыгууну өтүнгөн. Ал эми Юстиция министрлигинен маалымдашкандай, буйрук маалымат каражаттарын мамлекеттик каттоо системасын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG