Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Премьер-министр Николай Танаев баштаган делегациянын Орусиядагы иш сапары башталды


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев баштаган мамлекеттик делегация Москвада Орусиянын мамлекеттик жооптуу кызматкерлери менен жолугуша баштады. Кыргыз өкмөт башчысы Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын теңтөрагасы Александр Румянцев, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу, Москва облусунун губернатору Борис Громов жана башка жетекчилер менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн эларалык байланыштар боюнча бөлүмүнөн маалымдашты. Кыргыз делегациясы Москвага ырасмий иш-сапары менен бүгүн эртең менен жөнөп кеткен. Делегациянын курамында өлкөнүн вице-премьер-министрлери Кубанычбек Жумалиев, Базарбай Мамбетов, Тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев жана башка жетекчилер бар. Эртең Кыргызстандын делегациясын Орусиянын премьер-министри Михаил Касьянов кабыл алышы жана кеңейтилген жыйындын өтүшү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG