Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Президент Аскар Акаев Чүй облусунун активи менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарчасында «Кыргызстан аялдар конгрессинин» бизнес-инкубаторунун ачылышына катышты. Ал азем өкмөттүн, Германиянын элчилигинин, эларалык уюмдардын, каржы-кредиттик мекемелердин жана облус жетекчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Жаңы ачылган бизнес-инкубатордогу 9 кичи ишканада 87 адам жумуш менен камсыз болгон. Келечекте алардын саны 150 адамга жетиши күтүлүүдө. Бизнес-инкубаторду ачууга «Евразия-ЮСАИД» эларалык фонду колдоо көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG