Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Конгрессмен Ричард Гепхард АКШнын президенттиги үчүн күрөштөн чыкканын жарыялады


Р.Гепхард Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкерлерди тандоо боюнча дүйшөмбүдө Айова штатында өткөн алгачкы жыйындын жыйынтыгында төртүнчү орунду алган эле. Ал эми биринчи орунду 37% добуш менен Массачусетс штатынан шайланган сенатор Жон Керри, экинчи орунду Түндүк Каролинадан шайланган сенатор Жон Эдвард, үчүнчүнү Вермонт штатынын мурдагы губернатору Говард Дин ээледи. Президенттикке демократтардын арасынан талапкерди тандоо жыйындары эми ушул айдын соңунда Нью-Гемпшир штатында өтөт. Азыркы президент Ж. Буштун атаандашы биротоло Демократиялык партиянын июлдагы курултайында аныкталмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG