Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Нарындыктардын бир тобу суусуз калышты


НАРЫН. Нарын шаарынын тургуну Иман Жамгырчиевдин 21-январда "Азаттыкка" маалымдаганына таянсак, Нарын шаарынын бир катар тургундары 2 күндөн бери суусуз калышты. - Нарын шаарынын чыгыш тарабында 20-январдан бери суу жок. Бала-чака, аял, абышка дебей чана менен, чака менен ташып келип атабыз. Жол тайгак, машина уруп кетиши мүмкүн жаш балдарды, - деди Иман Жамгырчиев. Анын айткандарын «Нарын суу канал» ишканасынын өкүлү Темирбек Ибраев да бекемдеди. Анын айтымында, шаардын чыгыш тарабындагы тургундарга суу 8 чоргоодон, насостун күчү менен берилет. Электр энергияны тез-тез өчүрө бергенден улам насос күйүп кеткен. Темирбек Ибраев насос оңдолгону менен суу түтүктөрү тоңуп калса, калкты суу менен камсыздоо кыйынчылыгы пайда болоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG