Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын облустук уюштуруу жыйыны өттү


ОШ. Ага партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Үсөн Сыдыков, партиянын төрагасы Досбол Нур уулу жана облустун райондорунан жүзгө чукул делегат катышты. Конференцияда партиянын 35 кишиден турган облустук курамы шайланды. Партиянын төрагасы Досбол Нур уулу 2001-жылы "Жаңы Кыргызстан" деген аталышта кайрадан түзүлгөн мурдагы Агрардык партиянын иштери, келечеги, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Март айында Бишкекте өтүшү күтүлүп жаткан республикалык конференцияга 23 делегат шайланды. «Бүгүнкү күндө «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облусу боюнча 7 миң, жалпы Кыргызстан боюнча 16 миң мүчөсү бар» деген маалымат айтылууда.

XS
SM
MD
LG