Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

ЕККУ Бишкекте эларалык конференция өткөрмөкчү


БИШКЕК. Эртең Бишкекте «Укуктук реформа: көйгөйлөр, артыкчылыктар жана келечек» деп аталган эларалык конференция өз ишин баштайт. Анда кылмыш жообуна тартуунун эларалык стандарттары талкууланат. Үч күнгө созула турган жыйынды Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократия жана адам укугу боюнча институту менен ЕККУнун Бишкек кеңсеси уюштурууда. Талкуунун өзөгүн Кылмыш кодексинин, Кылмыш-процессуалдык кодексинин долбоорлору түзөт. Конференцияга Орусиядан, Кошмо Штаттардан, Германиядан, Казакстандан жана Кыргызстандан талдоочулар жана эксперттер катышат. Эларалык конференцияны өткөрүүгө ЕККУдан башка Кыргызстандын президенттик администрациясы, АКШ менен Кыргызстандын Юстиция тармактары көмөктөшөт. Каржылык жардамды АКШ менен Нидерланды өкмөттөрү берет. Бул тууралуу бүгүн ЕККУнун Бишкек кеңсесинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG