Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Кыргызстан жыл сайын Орусияга 1,5 млрд. киловатт/саат электр энергиясын сатмакчы айтылууда


БИШКЕК. Быйылтан баштап жакынкы 5 жыл ичинде «Кыргызстандын электр станциялары» ачык акционердик коому РАО «ЕЭС России» акционердик коомуна жыл сайын 1,5 млрд. киловатт саат электр энергиясын берип турат. Мындай макулдашууга бүгүн Москвада «Интер РАО ЕЭС» акционердик коому менен «Кыргызстандын электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчилиги кол койду. «Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү макулдашуу» деп аталган бул документ аталган маселеден тышкары Кыргызстанда гидроэнергетикалык объектилерди куруу боюнча эларалык суу-энергетика концорциумун түзүүнүн концепциясын иштеп чыгуу, Камбаратадагы ГЭС-1, ГЭС-2 станцияларынын техникалык-экономикалык негиздерин иштеп чыгууга инвестиция тартуу боюнча кызматташуу, отун жана башка энергетикалык объектилерди жабдуулар менен камсыздоо өңдүү багыттарды камтыды. Бул тууралуу «Кыргызстандын электр станциялары» ачык акционердик коомунан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG