Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Алманиянын ири ишкерлерине каршы сот иши башталды


Алманиянын Дюсселдорф шаарында кечээ күнү "Дойче банктын" башчысы Йозеф Аккерман жана "Маннесман" аттуу фирманын беш мурдагы жетекчисине каршы сот иши башталды. 2000-жылдын февралында "Маннесманды" британиялык "Водафон" аттуу компания сатып алган жана ал үчүн "Маннесмандын" жетекчилери бардыгы болуп 57 миллион еврого тете жеке сыйлык алышкан. Андан тышкары, компанияны сатаар алдында "Маннесмандын" жетекчилери анын бир топ каражатын өздөрүнө менчиктеп алган деген да күнөө коюлууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG