Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:52

Немис тышкы иштер министри кызмат сапары менен Түркияда


Түркияга кызмат сапары менен келген немис тышкы иштер министри Йошка Фишер кечээ күнү өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы байланыштар, Түркиянын Европа Биримдигине кошулуусу жана Ирак менен Ооганстан маселелерин талкуулады. Фишердин айтымында, акыркы жылдарда Түркия бир топ реформаларды ишке ашырды, бирок адам укуктары боюнча абалды дагы жакшыртуу керек. Бүгүн Йошка Фишер Анкарада Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен дагы жолугат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG