Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

АКШ президентинин айтымында, Ирак согушун жүргүзүү саясаты туура болгон


20-январдын кечинде АКШ президенти Жорж Буш өзүнүн америкалык элге жана Конгресске жасаган кайрылуусунда Иракка каршы согуш жүргүзүп, Саддам Хусейнди бийликтен кулаткан саясат туура болгонун билдирди. Буштун айтымында, андай согуш менен АКШ өз коопсуздугун коргогон, ошондуктан ал үчүн эч кимден уруксат сурап кереги жок болчу. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин НАТО уюмуна кирген бардык мамлекеттер Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине катыша баштайт. Вице-президент Дик Чейнинин пикиринде болсо, кеңири кыруучу куралдын изин Иракта дагы табуу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG