Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

ООГАН КОНСТИТУЦИЯСЫ ЕВРОПАРЛАМЕНТТЕ ТАЛКУУЛАНДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Европарламенттин тышкы иштер комитетинде Ооганстандагы ахвал талкууланды. Ушул жылдын башында кабыл алынган ооган Конституциясы кеңири колдоого алынып жатканда, талкууда чыгып сүйлөгөн көптөгөн саясатчылар баш мыйзам исламдын ролу, бийлик тең салмагы жана аялдардын тең укуктуулугу сыяктуу маселелердин талаптагыдай жөнгө салынышына кепил боло алаарынан күмөн санап жатышканын жашырышкан жок.

Европарламенттеги талкууда чыгып сүйлөгөн мыйзамгерлердин баары эле Ооганстанда Конституциянын кабыл алынышын өлкөнүн акыркы жылдардагы эң чоң жетишкендиги катары сыпатташты. Конституция боюнча баяндама жасаган Европарламенттин германиялык мүчөсү Андре Бри баш мыйзамдын өзү былтыр парламенттин талкуусуна койулган долбордук вариантка караганда алда канча дурус экенин белгиледи. Ошого карабай мыйзамгер Конституциянын ийге жеткирилбеген, чийки жерлери арбын экенин айтат.

- Баш мыйзамдын үчүнчү беренеси шариятка кайчы келген мыйзамдардын баарына тыйуу салуу менен өлкөдө шарияттын бийлик кылуусуна жол ачып жатканын айткым келет. Документте аялдардын тең укуктуу болуп таанылгандыгына карабастан, тең укуктуулуктун иш жүзүндө камсыз кылынышы үчүн зарыл шарттарды түзгөн мыйзамдар жок. Президент Хамид Карзайга баш мыйзам ыйгарып жаткан зор бийлик Ооганстанда диктатордук режимге алып келбесинен күмөн санабайм, бирок Карзайдын ордунда башка бир саясатчы болгондо, андай болуп кетпеске кепил жок, - деп билдирди Бри.

Анын бул пикирин колдогон швециялык депутат Май Бритт Теорин ооган аялдарынын ахвалы бул маселе Европарламентте акыркы жолу талкууга алынган 2000-жылдын декабрь айынан бери дээрлик өзгөрүүсүз калгандыгын белгиледи:

- Тилекке каршы, ахвал андан бери жакшырган жок. Ооганстандын советтердин колдоосуна ээ болгон секулярдык режими кулаган 1992- жылдан бери ооган телевидениесине акыркы күндөрдө алгачкы жолу аял чыкты. Буга өлкөнүн жогорку соту ошол замат каршылык билдирип, телестанциянын башчысын опузалап, экинчи мындай кылбаска мажбурлады. Конституцияда жазылган укуктар ишке ашканга чейин дагы узак убакыт керек болот.

Швециялык депутаттын бул пикирин коштоп чыккан мыйзамгер Андре Бри аялдардын дагы эле паранжа кийип жүрүүгө мажбур болуп жатканы "айсбергдин суу үстүндөгү көрүнөө гана бөлүгү" экенин, аялдар теңсиздиктин көмүскөдө калып жаткан жагынан көбүрөөк жабыркап жатышканын айтты. Бринин айтымында, аялдар окууга кирүүдө, ишке орношуп, кесип кылууда, ийримдерге катышууда, мурдагыдай эле чоң тоскоолдуктарга кабылып келатышат.

Талкууда Ооганстандагы баңгиаткесчилик проблемасына чоң көңүл бурулду. Андре Бринин башкы баяндамасында белгиленгендей, былтыр дүйнөдө өндүрүлгөн баңгизаттардын үчтөн бири Оогастандын үлүшүнө туура келди. Өлкөнүн көмүскө баңгисоодадан тапкан кирешеси 2 миллиард 300 миллион долларды түздү. Бул ооган калкынын басымдуу бөлүгү дагы эле ушул кылмыштуу өндүрүштүн арты менен күн көрүүдө дегендикке жатат.

Европарламенттин мүчөлөрү, ошондой эле, өлкөдөгү ахвал кооптуу кала берип жаткандыгына санааркоосун билдиришти. Голландиялык депутат Йоост Лагендийк Конституциядагы пландар миң жакшы болгон күнү да, калктын коопсуздугу камсыздалмайын, алар ишке ашпай турганын эскертти. Депутат июнь айында өтө турган шайлоонун ийгилигин камсыз кылуу үчүн НАТО баштаган эл аралык бейпилдик күчтөр өлкөнүн провинцияларында жайгаштырылуусу абзел экенин кайталады.

Талкуунун соңунда кесиптештеринин сын-көз караштарын жыйынтыктаган депутат Андре Бри Еврошериктештикке мүчө өлкөлөрдү Ооганстанды колдоо жаатында берген убадаларына бек турганга үндөдү.

XS
SM
MD
LG