Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

ТАЛАСТА ИШТЕГЕН КАЗАКСТАНДЫК ИШКЕРЛЕР ОБЛУС БИЙЛИГИНЕ КАЙРЫЛДЫ


ТАЛАС. Облустук мамлекеттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Зоотбек Кудайбергеновдун маалыматы боюнча, автоунаалуу казак ишкерлери 300 сомдон 1000 сомго чейин пара берүүнү талап кылган МАИ кызматкерлеринин аты-жөнүнө чейин атап беришкен. Анын айтымында, ал терс көрүнүш боюнча фактылар далилденген. Ошондон улам облустук бийлик казак ишкерлерине кысым көрсөткөн МАИ кызматкерлерин жоопкерчиликке тартып, иштен бошотуу тууралуу сунуш катты облустук ички иштер Башкармасына жөнөттү. Өткөн жылы күз айларында да жергиликтүү МАИ кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине казак ишкерлери нааразылык билдирип, облустук бийликке кайрылышкан соң, күнөөлүү кызматкерлер жазасын алган эле.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор - Айданбек Акмат уулу

XS
SM
MD
LG