Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

ОШ ШААРЫНЫН АЭРОПОРТ КИЧИ РАЙОНУНУН ТУРГУНДАРЫ ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВГЕ НААРАЗЫЛЫК КАТ ЖОЛДОШТУ


ОШ. Катта Ош шаарынын мэри Сатыбалды Чырмашевдин Аэропорт кичи районуна каттаган шаар транспортунун жол киресин кымбаттатканы чала сабаттуулук катары бааланган. Анткени деп жазылат катта, Сатыбалды Чырмашев кол койгон №1430 токтомдо жол кире акысын жогорулатуу Ош шаарынын Карасуу районунун айыл, кыштактарына каттаган транспортко тиешелүү деп белгиленип, ага Аэропортко каттаган унааларды да кошуп таштаган. Андан ары кат, «Аэропорт кичи району Ош шаарына карайт, Ош-3000 шайлоо округуна кирет. Президентти, депуттарды шайлоодо, референдумдарды өткөрүүдө Ош-3000 шайлоо округуна карасак, жол кире акысын төлөгөндө Карасуу районуна карап калганыбыз кандай?» деген сыяктуу суроолор коюлган. Катка 204 адам кол койгон.

XS
SM
MD
LG