БИШКЕК. Бүгүн Москвада Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык комитетинин 16-отуруму башталды. Ага биримдикке кирген өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери катышууда. Жыйында биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы транспорт каттамын жеңилдетүү жана атуулдардын биримдикке кирген өлкөлөрдүн аймагында эркин жүрүп, эмгектенүүсүнө негиз берүүчү келишимдин долбоорлору каралууда. Отурумга Кыргызстандын биримдиктеги туруктуу өкүлү, вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов катышууда. Биримдикке Орусия, Казакстан, Беларусия, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.