Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

КЫРГЫЗСТАНДЫН МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫНЫН ӨКҮЛҮ ВОЛГА АЙМАГЫН КЫДЫРЫП ЖҮРӨТ


БИШКЕК. Кыргызстандын миграция кызматынын башчысынын орун басары Булат Сарыгулов жетектеген делегация 15-январдан бери Орусия Федерациясынын Волга боюнда жайгашкан аймактарын кыдырып жүрөт. Мындай сапар убактылуу иштеп жатышкан кыргызстандык атуулдардын укуктарын коргоо максатын көздөйт. Делегация Приволжье Федералдык округуна таандык Саратов, Самара, Оренбург облустарында жергиликтүү расмий бийликтин жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргызстандык эмгек мигранттарынын укук-милдеттерине байланышкан маселелерди талкуулайт. Апта башында ушундай эле жолугушууларды делегация Пенза облусунда өткөргөн. Сүйлөшүүлөрдүн учурунда Пензада Кыргызстандын миграция кызматынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси талкууланды. Пенза ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда бул облуста 1142 кыргызстандык жашайт. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Орусияда жалпысынан 300 миңдин тегерегинде кыргызстандык эмгек мигранты бар.

XS
SM
MD
LG