Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:08

КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИНЕ ЖАҢЫ ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗИЛДИ


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын Кылмыш –жаза кодексине кошумча өзгөртүүлөрдү киргизди. Буга чейин атуулдар Кылмыш-жаза кодексинин алты беренеси боюнча жасаган кылмышы үчүн өлүм жазасына тартылышса, жаңы өзгөртүүгө ылайык андай беренелердин саны алтыдан экиге чейин кыскартылды. Тагыраак айтканда, мындан ары адам өлтүргөн жана жаш балдарды зордуктоого барган кылмышкерлер гана өлүм жазасына тартылышат. Бул тууралуу бүгүн мындай өзгөртүүнүн демилгечиси депутат Кубатбек Байболов маалымдады. Анын айтымында, мындай иш чара эл аралык уюмдардын адам укугуна байланыштуу талаптарын эске алуу менен ишке ашырылды.

XS
SM
MD
LG