Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

КЫРГЫЗСТАН УКУК КОРГОО КЫЙМЫЛЫ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ


БИШКЕК. «Кыргызстан элдеринин төртүнчү курултайы 30-январда Бишкекте Кыргызстан элдеринин ассамблеясы тарабынан өткөрүлөт. Курултайдын жүрүшүндө, Ак үйдүн планынын негизинде, мамлекет башчы Аскар Акаевди келээрки мөөнөткө президенттикке кайра шайлоо маселеси көтөрүлүшү пландаштырылууда. Жогорудагыдай сунуштардын негизинде, аталган курултайда ошондой эле президенттин мөөнөтүн узартуу боюнча элдик референдум өткөрүү сунушу көтөрүлөөрү турган иш». Мындай мазмундагы билдирүүнү бүгүн «Кыргызстан укук коргоо кыймылы» таратты. Ошондой эле билдирүү ээлери аткаруу бийлиги Кыргызстан элдеринин ассамблеясын пайдаланып, жалпы кыргыз элинин келечегине байланыштуу маселени көтөрүшү мыйзамсыз экендигин жана бийликтин мындай аракети коомчулуктун нааразылыгын жаратаарын эскертишкен. Ал эми ушул эле күнү Кыргызстан элдери ассамблеясынан «курултайда Аскар Акаевге байланыштуу маселе көтөрүлбөйт» деп жогорудагыдай маалыматты четке кагышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG