Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

А. БЕКНАЗАРОВДУН ТАЛАБЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ КАНААТТАНДЫРДЫ


БИШКЕК. Оппозициялык маанайдагы депутат Азимбек Бекназаровдун доо арызынын негизинде президент Аскар Акаев өзүнүн «Кыргыз республикасындагы паспорт системасын өркүндөтүү жөнүндө» деп аталган жардыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына депутат Азимбек Бекназаров билдирди:

- Эртең менен Конституциялык соттун судьясы Абдыбек Суталинов мага телефон чалып, «президент, сиздин доо арызыңыз боюнча, өзүнүн жардыгын жокко чыгарды. Ошого байланыштуу биз 22-январга белгиленген сот жараянын өткөргөн жокпуз» деп маалымдады.

Азимбек Бекназаров мындан бир нече ай илгери мамлекет башчы Аскар Акаевдин 1999-жылдын 23-сентябрындагы «Кыргыз республикасындагы паспорт системасын өркүндөтүү жөнүндө» деп аталган жардыгын жокко чыгарууну талап кылып, Конституциялык сотко доо арыз жолдогон. Президенттин аталган жардыгында «Эгерде, кыргызстандык атуул өзүнүн туруктуу жашаган жеринен өлкөнүн экинчи бир жерине алты айлык мөөнөттөн кем эмес убакытка барса, жашаган жеринен каттоодон чыкпай туруп, келген жеринде каттоодон өтүүгө милдеттүү» деп жазылган. Бекназаровдун пикиринде, мындай жобо өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келет. Аткаруу бийлиги өткөн жылы президенттин ушу жардыгынын негизинде республиканын дубандарынан үчүнчү элдик курултайга катышуу үчүн Бишкекке келген атуулдарды жашаган жерлерине күч менен автоунаага салып кайтарган.

XS
SM
MD
LG