Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:38
БИШКЕК. Бүгүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга МИ-8 МTV үлгүсүндөгү аскерий эки тик учак белекке берди. Буга байланышкан иш чара Фрунзе-1 аскерий-аба майданында болуп, ага Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов, Биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг катышты. Иш чарада белгилүү болгон маалыматтарга караганда, эки тик учактын наркы 3,5 млн. доллар турат жана ал чекара коопсуздугун көзөмөлдөө ишине кызмат кылат. Тик учактар Америка өкмөтү тарабынан Кыргызстанга «Экспорттук көзөмөл жана чекарадагы коопсуздук» программасынын алкагында берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG