Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Индия өкмөтү менен кашмирдик сепаратисттердин ортосунда түз сүйлөшүүлөр жүрдү


Бүгүн Жаңы Делиде биринчи жолу Индия өкмөтү менен кашмирдик сепаратисттердин ортосунда биринчи жолу түз сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Жолугушуунун катышуучуларынын пикирлерине караганда, сүйлөшүүлөр татаал болуп, узакка созулат.
Талаштуу Кашмир аймагындагы радикалдык экстремисттик топтордун башчылары бул сүйлөшүүгө каршылык билдирип жатышат.
Байкоочулардын айтымында, бул жолугушуу Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилени жакшыртууга өбөлгө түзөт, анткени эки өлкө эки жолу Кашмир үчүн өз ара согушкан.
Расмий Дели Исламабадды кашмирдик жикчилерге колдоо көрсөтөт деп көптөн бери күнөөлөп жүрөт.
Пакистан болсо аны куру доомат катары эсептейт.

XS
SM
MD
LG