Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

ЖЕРГЕТАЛДЫК КЫРГЫЗДАРДЫН ТУРМУШУ ОҢОЛУУ ЖОЛУНДА


Мирзохалим Каримов, Жергетал - Бишкек Тажикстанга караштуу Каратегин өрөөнүнүн Кыргызстандын Чоңалай району менен чектешкен Жергетал районундагы кыргыздардын азыркы учурдагы жашоо шарты Тажикстандагы улуттук араздашуу жылдарына салыштырганда бир кыйла жакшырганы менен, социалдык-экономикалык, маданий жана башка тармактардагы чечилбей келаткан маселелер али да болсо арбын. Райондун дал ортосунан күрпүлдөп агып жаткан Көксуу дарыясынын өйүз тарабына жайгашкан Жаңышаар айыл өкмөтүнүн төрагасы Сайитбек Мажитов менен мына ошол маселелердин тегерегинде аңгемелешкен элек.

- Сайитбек мырза, айыл өкмөтүнүн кыштактарында кадим замандардан бери жашап келаткан кыргыздардын жашоо шарты, социалдык-экономикалык абалы тууралу кеп салып берсеңиз?


- Айыл өкмөтүнүн аймагында бардыгы болуп 9202 адам жашайт. Анын 6944ү кыргыздар, 2206сы тажиктер. Ырасын айтканда, биз Кыргызстандан алыста жашасак да, өзүбүздү Тажикстанда башка улуттун өкүлү деп сезбейсиз. Анткени, бул жердеги кыргыздар менен тажиктер VI-VII кылымдардан бери чогуу отурукташып, ынтымак жашап келишкен. Алар бири-бирине кыз берип, кыз алып дегендей, достуктун доорун сүрүшкөн. Көптөгөн каада-салт, үрп-адаттарыбыз бир. Сен кыргыз, сен тажик деп бөлалбайбыз.

Аймагыбызда 7 мектеп бар. Мектептерибиздеги окуу тарбия иштери эки тилде - кыргыз жана тажик тилдеринде жүргүзүлөт. Айрым мугалимдерибиз кыргызча да, тажикче да сабак бере алышат. Мектептердин дээрлик бардыгы капиталдык ремонт болгон. Мугалимдер маяналарын өз убагында алып жатышат азыр. Окуучулар менен мугалимдерге мамлекет тарабынан жардам берилип жатат. Маселен, президентибиздин жардыгынын негизинде аз камсыз болгон окуучуларга 6 сомониден көмөк көрсөтүлөт. Ал эми мугалимдерге болсо, электр энергиясы үчүн бир жылга 7 сомониден төлөнөт. Мындан тышкары кээ бир эл аралык уюмдардын эсебинен мектептердеги бардык окуучуларга күн сайын ысык тамак уюштурулган. Мугалимдерге болсо, эл аралык уюмдар тарабынан ун, май, күрүч, туз жана башка азык-түлүк продуктылары берилүүдө. Кыскасы, окуу тарбия ишинин натыйжалуу болушу үчүн колдон келишинче камкордук көрүлүүдө.


- Эми окуу куралдары тууралуу айтып берсеңиз. Биздин угушубузга караганда, бул маселе көп жылдардан бери чечилбей келаткансыйт. Ал тууралуу ата-энелер менен мугалимдер көп жолу сөз кылышууда.


- Сөзүңүздө калет жок. Бирок, мында бир нерсени эске алууга туура келет. Мисал үчүн ар бир мамлекеттин өзүнүн окуу программасы, бул жаатта жүргүзгөн өзүнүн саясаты бар. Демек, Кыргыз Жумуруяты менен Тажик Жумуруятынын окуу программасы бири биринен айырмаланат. Окуу куралдарынын жетишпегендигинин бир себеби мына ушундан улам десе да болот. Маселен, Кыргызстандан алып келинген окуу куралдарынын бардыгы эле Тажикстандын программасына ылайык келе бербейт. Экинчи себеби - бул Кыргызстанда окуу куралдарын басып чыгаруу иши азыр таптакыр башкача болуп жаткандыгында деп ойлойм. Ал жакта китеп үчүн атайын заказ берилиши керек экен. Айтор, мурдараак заказ берилсе гана китеп чыгарылышы мүмкүн.

Ырас, Кыргызстандан китеп сатып келген учурда деле китеп жетишпейт деген ойдомун. Анткени, азыркы базар экономикасынын шартында бардыгы эсеп-кысабы менен болуп жатканын эске алууга туура келет. Каражат жагынан көп кыйынчылыктарыбыз бар.

Ошондой болсо да, районубуздун жетекчилери кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк экинчи курултайына барышканда, жумуруяттын тийиштүү жетекчилери окуу куралдар маселесин чечебиз, бул жагынан кам санабаңыздар деп убада беришиптир. Биз азыр мына ошону күтүп турабыз. Кыргызстан бул жааттан көмөк көрсөтсө, чын дилибизден рахмат айтабыз. Эки жумуруяттын тийиштүү министрликтери окуу курал, кадр маселелерин биргелешип чечип турушса жакшы болор эле.


- Эми ички жана тышкы миграция жөнүндө да айта кетсеңиз?


- Чындыгында, улуттук араздашуу башталгандан кийин көптөгөн тажикстандык кыргыздар тарыхый мекендери - Кыргызстанга ооп кетишти. Бирок, алардын көпчүлүгү кайра келишет деген пикирдебиз. Себеби биз Кыргызстанды башка мамлекет деп бөлбөйбүз. Ал өлкөдө да, бул өлкөдө да эркин жашап, эркин иштеп, илгертен бери ошого көнүп калган биздин эл. Айыл өкмөтүнүн кыштактарынан 64 үй-бүлө көчүп кетишкен. Биз алардын үй жайларына да, бак-шагына да тийген жокпуз. Себеби, качан да болсо, туулуп өскөн жерлерине кайра келишет деген ойдобуз.

XS
SM
MD
LG