Орусиянын ЮКОС компаниясына таандык мунай тазалоочу заводдун деректири Рафаэл Зайнуллин 21-январда Самара шаарында камакка алынганы маалым болду. Ал 1999-жылы эки миллион 300 миң доллар салык төлөбөгөн деп күнөөлөнүүдө. ЮКОСтун басма сөз катчысы Александр Шадриндин айтымында, завод бардык талаптуу болгон салыкты мыйзам чегинде төлөгөн жана бул камак - ЮКОСко каршы жүргүзүлүп жаткан эбегейсиз саясий кампаниянын бир бөлүгү. ЮКОСтун башчысы, Орусиянын эң бай адамы Михаил Ходорковский октябрдан бери камакта.