Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жума күнү Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда чыгып сүйлөп, эл аралык көйгөйлүү маселелердин күн тартибин өзгөртүүгө үндөдү. Аннандын пикири боюнча, соңку жылдары Ирактагы согуш жана эл аралык коопсуздук маселелери дүйнөдөгү жакырчылык, саламаттыкты сактоо жана билим берүү өңдүү өтө актуалдуу проблемаларды артка жылдырып, элдин көңүлүн алардан алагды кылды. Ошондуктан Улуттар уюмунун баш катчысы жайында жаңы глобалдык саммит өткөрүүгө үндөдү.

Давосто Дүйнөлүк экономикалык форумга чогулгандар алдында сүйлөп жатып, Кофи Аннан азыркы эл аралык саясат дүйнөдөгү кырдаалга дайыма эле оң таасир тийгизип жатпаганына токтолду.

- Ушу тапта жалпы экономикалык абал, ошондой эле коопсуздук маселелери, эл аралык саясатты башкаруу чөйрөсү – ушулардын баары биригип келип, дүйнөдөгү бейпилдикти, калыстыкты, мыйзамга негизделген жалпы тартипти бекемдөө иштерине жагымдуу таасирин азайта баштады.


Кофи Аннан эл аралык коопсуздук системасын кайра куруп чыгып, дүйнө ырайымсыз атаандаш лагерлерге бөлүнүп кетишине жол бербөө керек деп белгиледи. Ал өз сөзүндө АКШны атынан атаган жок, бирок коопсуздук маселелерине катуу басым жасалып жаткандыктан, эл аралык коомчулуктун кендирин кесип келаткан жакырчылык, саламаттыкты сактоо, билим берүү проблемалары көмүскөдө калып жатканына тынчсыздануу менен көңүл бурду.

- Экономикага келсек, өнүгүп келаткан өлкөлөр өтө муктаж болуп жаткан чакта, инвестициялар тескерисинче төмөндөп баратканына күбө болуудабыз. Соода эрежелерине байланыштуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай, жалпы система - өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына каршы багытта калыптанып баратканын байкоого болот.

Эл аралык саясаттагы ушундай оош-кыйыштардан улам Кофи Аннан коомчулуктун көңүл чордонундагы дүйнөлүк маселелердин иретин, же күн тартибин өзгөртүүгө үндөдү. Ал июнь айында Улуттар уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде Глобалдык чакан саммит өткөрүүнү сунуш кылып, анда дүйнөгө террорчулуктан кем эмес коркунуч келтирип жаткан жугуштуу СПИД дартынан коррупцияга чейинки көйгөйлүү маселелер талкуулана турганын маалымдады. Ал жыйынга ири бизнестин өкүлдөрүн катыштыруу пландаштырылууда. Глобалдык чакан саммит өткөрүү демилгеси мындан беш жыл мурда Давосто көтөрүлүп, буга чейин 70 мамлекеттен 1200дөй компания ага катышууга кызыкдар экенин билдиришкен.

Кофи Аннандын пикири боюнча, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү Бириккен улуттар уюму белгилеген жаңы миң жылдыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жардам бере алышат. "Ошол маселелер – биздин дүйнөдөгү тынчтык жана адамдын ар-намысын коргоону көздөгөн аракеттерибиздин башкы бөлүгү болмокчу. Бирок, акыркы бир нече жылдан бери Ирактагы согуш жана башка окуялар эл аралык коомчулуктун көңүлүн андай актуалдуу маселелерден алагды кылып жиберди. Бул – опурталдуу көрүнүш", - деди Улуттар уюмунун баш катчысы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG